Жогорку Кеңеш Темир Сариевдин талапкерлигин жана ал сунуштаган өкмөттүн түзүмүн карап баштады

Жогорку Кеңеш 30-апрелдеги жыйынында премьер-министрликке Темир Сариевдин талапкерлигин жана ал сунуштаган өкмөт түзүмүн карап жатат. Жыйында Сариев 2015-жылдын күз айларында парламенттик шайлоо өтө тургандыктан, өкмөт кыска убакытка иш алып барарын айтып өттү. 
Ошондой эле ал өлкөнүн, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо негизги маселе экенин кошумчалады. Сариев өкмөттүн түзүмүндө жалпы жонунан кадрдык алмашуулар болбогонун айтып, 3 гана министрликтин жетекчисине талапкер көрсөтүлүп жатканына токтолду. Алар: Экономика министрлигине премьер-министрдин кеңешчиси Олег Панкратовдун, Каржы министрлигине Адылбек Касымалиевдин, Транспорт жана коммуникация министрлигине Аргынбек Малабаевдин. Жыйында ал өзүнүн алдыда аткара турган пландары менен тааныштырууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан