Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Абдырахман Маматалиев 29-апрелде күч түзүмдөрүнүн пенсионерлерине паёктук каражаттарын төлөө маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Маматалиев:
“Эмне себептен паёкторду төлөө маселеси мындай абалга жеткирилген? Тийиштүү мыйзам бар жана биз аны аткарууга милдеттүүбүз. Бул абалдан чыгуу бардык кызыкдар тараптардын конструктивдүү баарлашуу жолу аркылуу табылышы керек",- деп билдирди.
Кеңешме жыйынтыгында Каржы министрлигине 3 күндүк мөөнөттө күч түзүмдөрүнүн пенсионерлерине паёктук каражаттарын төлөө көйгөйүн чечүү боюнча ченемдик-укуктук акты долбоорун киргизүү тапшырмасы берилди.