Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча соңку эки келишимге 8-майда кол коюлат

"Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча соңку эки келишимге 8-майда кол коюлат",- деп билдирди Темир Сариев Жогорку Кеңештин 30-апрелдеги жыйынында. Анын айтымында, биримдикке мүчө мамлекеттер менен соңку эки келишим боюнча бир пикир табыла электигинен улам сүйлөшүү жүрүүдө. "Буюрса, 8-майда кол коюлат. Бул эки келишимге кол коюлгандан кийин биримдикке мүчө мамлекеттер келишимди ратификациялашат. Ал эми биримдиктин алкагында кыргыз-казак чек арасы май айынын аягында ачылуусу керек. Көпчүлүгү "ар кайсы шылтоону айтып жатат" деп жатышат. Биз кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн туура чечим кабыл алууга аракет кылып жатабыз. Биримдикке киребиз",- деди Сариев.  

Отурумда Темир Сариевдин премьер-министрликке талапкерлиги жана ал сунуштаган өкмөттүн түзүмү каралууда. 



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан