Депутаттар 9-майда президенттин ордуна ким элге кайрылуу жасаарына кызыгышты

Жогорку Кеңештин 30-апрелдеги жыйынында депутаттар 9-майда Бишкекте Улуу Жеңишке арналган иш-чарада ким элге кайрылуу жасаарына кызыгышты.
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаевдин айтымында, аталган иш-чарада элге кайрылуу укугу президенттен Жогорку Кеңештин төрагасына өтөт. "Ал эми аскердик парадды Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев кабыл алат",- деди Абдылдаев.
Айта кетсек, 9-майда президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын Москва шаарында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган майрамдык иш-чарага катышмакчы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан