5-майда Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “Жер шарына жаз келгенде” аталыштагы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата майрамдык концерт өтөт. Ага Орусиянын Эл артисти Ренат Ибрагимов, С.Станислав атындагы Музыкалык театрдын солисти Ирина Данченко, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын солисттери Алмаз Истамбаев, Оксана Шутова жана Бакыт Ыбыкеев катышат.
Майрамдык концертте согуш жылдарынын «На всю оставшуюся жизнь…», «Поклонимся великим тем годам», «Алёша», «На безымянной высоте», «Журавли», «Катюша», «Майский вальс», «Тёмная ночь», «Ехал я из Берлина», «День Победы» жана башка белгилүү ырлары аткарылат.
Иш-чара КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Орусия Федерациясынын Маданият министрлиги, Москва шаарынын Маданият департаменти жана Бишкек шаарындагы “Москва үйү” Маданият борбору тарабынан уюштурулууда.