Кыргыз жеринде апрелде айлык акыга бюджеттен 1 миллиард 925 миллион сом жумшалды

2015-жылдын апрель айында ведомстволук классификация боюнча республикалык бюджеттин жалпы чыгашалары 9 миллиард 366 миллион 78 миң сомду түздү. Бул тууралуу 6-майда Каржы министрлигинен билдиришти. Мунун ичинен эмгек акыга 1 миллиард 925 миллион 68 миң сом жумшалды.

"Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдар" беренеси боюнча 1 миллиард 404 миллион 683 миң сом, "калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдар" беренеси боюнча 682 миллион 164 миң сом, "имараттар жана курулмалар" беренеси боюнча 612 миллион 643 миң сом каржыланганы айтылды.
"Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча жана мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшалды",- деп билдирет министрлик.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан