Владимир Путин кыргыз мамлекетинин элин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз мамлекетинин элин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу прзиденттин маалымат кызматынан билдиришти. 
“Катаал жана ырайымсыз душманга каршы бир катарда салгылашкан элдерибиздин эрдиги – Орусия менен кыргыз мамлекетинин жалпы тарыхынын көөнөрбөс, унутулгус барактары. Согуш жылдарында ширелген достугубуз мындан ары да биздин мамлекеттерибиздин ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташуу мамилелерин өнүктүрүү үчүн, КМШ, ЖККУ жана евразиялык мейкиндиктеги башка интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара кызматташууну чыңдоонун бекем негизи болуп берерине ишенем”,- деп белгиленет куттуктоо телеграммасында. Ошондой эле Путин кыргыз жеринде жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине чын дилинен ыраазычылык билдирип, чың ден соолук  жана узун өмүр каалады.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан