Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңеш кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге кирүүсү боюнча ратификациялоону карап жатат

Жогорку Кеңеш кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча ратификациялоону карап жатат. Жыйында өкмөт башчы Темир Сариев депутаттарга кайрылып: "Ратификациялоону канчалык тез өткөзүп берсеңер, аталган биримдикке ошончолук тез арада толук мүчө болобуз",- деп билдирди. 
Анын айтымында, ЕАЭБге кирүү - бул тарыхый чечим. "Дүйнө өлкөбүзгө орчундуу маселелерди коюп жатат. Биз мындай чакырыктарга жооп беришибиз керек. Биргелешүү - азыркы мезгилдин глобалдык жообу. Күч - бирдикте, күч - биримдикте. Президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт бир муштум болуп туруп берди. ЕАЭБге кирүү боюнча чечимге бир күндө келген жокпуз, 3 жылдык чоң иш жүрдү",- деди Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан