Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 69 миң 468 адам катталды. Алардын 70 пайызына жакынын айылдык жана тоолуу аймактардын бүтүрүүчүлөрү түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда "Эл үмүтү – Ата-Журт" депутаттык тобунун жыйынында Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.
Маалыматка ылайык, ЖРТга катталуу жараяны бир топ убакытка созулат.
"Быйыл каттоо 17-февралдан 2-апрелге чейин жүргүзүлдү. Бардык абитуриенттер катталып жетишиши үчүн ушундай узак мөөнөт берилет. Быйыл 69 миң 468 адам катталды. Бул акыркы жылдардагы рекорддук көрсөткүч. Буга орто кесиптик окуу жайларында 11-класстын базасында билим алгандар үчүн ЖРТ тапшыруу мыйзам менен милдеттүү түрдө киргизилгени да себеп болду", — деди Батракеева.
Анын маалыматына караганда, өлкө боюнча 147 тест борбору уюштурулуп, 1200дөн ашык администратор окутулган. Ар бир командада 14-15 администратор иштейт.
ЖРТнын жыйынтыгы менен жогорку окуу жайларына кабыл алуу 3 этапта жүргүзүлүп, кечиккен абитуриенттер үчүн кошумча мүмкүнчүлүк берилет.
Тестирлөөнүн ар бир баскычында сертификаттар конверттерге салынып, мектептерге жөнөтүлөт. Абитуриенттердин жыйынтыктары жогорку окуу жайларына кабыл алуу үчүн тастыкталат.