Биз социалдык тармакта

Кызыл-Ойдо өрттөнгөн мектептин ордуна жаңы мектеп курулат (видео)

Чүйдүн Жайыл районуна караштуу Кызыл-Ой айылындагы өрттөнгөн мектептин ордуна жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу кечээ, 27-ноябрда президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, облус башчысы Элкинбек Аширбаев жаңы мектеп курула турган жер тилкесин көрүп чыгып, тиешелүү башкармалыктардын өкүлдөрүнө объект боюнча документтерди тез арада чечүүнү тапшырды.
Курулуштун качан башталаары айтылган жок.
Эскерте кетсек, 19-ноябрда Түркмөн орто мектебинин ашкана, китепкана жана бала бакча жайгашкан имаратынан өрт чыккан.

Кызыл-Ойдо өрттөнгөн мектептин ордуна жаңы мектеп курулат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан