9-мартта Бишкектеги Ч.Айтамтов атындагы Орус драма театрында “Заюшкиндин кичинекей үйү” аттуу кенже балдар үчүн спектаклдин ачылышы болот. Аталган театрдан билдиргендей, бул спектакль орус жомогунун негизинде иштелип чыккан. "Бул кечеге келген кенже балдар спектаклдеги каармандар болгон коёндун куткарылышын, түлкүнүн куулугун, аюунун коркоктугун, ал эми короздун эр жүрөктүгүн көрүп, алардын жакшы сапаттарын үйрөнө алышат",- дейт уюштуруучулар.