Бүгүн, 3-июнда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде жаш сүрөтчүлөр Анара Мажитова жана Таттыбүбү Тургунбаеванын “Искусствого болго сүйүү” аталышындагы алгачкы көргөзмөсү ачылды. Сүрөтчү кыздар көрүүчүлөрдүн астына ар кандай жанрдагы 95 эмгегин коюшкан. Жаш сүрөтчүлөрдүн учурда пейзаж жана натюрморт тартууга кызыгышары жакшы байкалат.