Биз социалдык тармакта

Кыргызстан 2026-2030-жылдары Түрк инвестициялык фондун жетектейби?

22-октябрда Ташкент шаарында Түрк инвестициялык фондунун башкаруучулар кеңешинин үчүнчү жыйыны өтүп, ага Кыргызстандын атынан экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында фонддун ишмердүүлүгү, келечектеги артыкчылыктары жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле фонддун президенти менен башкы директорунун кызмат орундарын мүчө мамлекеттер арасында кезектешип өткөрүү тартиби бекитилди.

Ага ылайык, Кыргызстан 2026-2030-жылдарга фонддун кийинки президенттигине талапкер сунуштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан