Мамлекет Улуттук көркөм өнөр музейине атактуу сүрөтчүлөрдүн эмгектерин сатып алып, коюп койчу абалда эмес. Анткени чет элдик мыкты сүрөтчүлөрдүн эмгектери кымбат бааланат. Бул тууралуу Г.Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинин директору Юристанбек Шыгаев билдирди.
Анын айтымында, учурда музей жылына бирден атактуу чет элдик сүрөтчүлөрдү
алып келип, алардын эмгектерин көргөзмөгө коёт. "Сүрөтчүлөр бирден эмгектерин
бизге таштап кетишет. Бул биздин алтын фондго ири көлөмдөгү салым катары бааланат",- деди Ю.Шыгаев.