Бүгүн, 25-февралда Талас облусундагы А.Огонбаев атындагы музыкалык мектепте өспүрүмдөр арасындагы футбол боюнча өлкө чемпиондугунда 3-орунду алган “Талас” футболдук клубунун оюнчуларына сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чарага өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Койсун Курманалиева, оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев жана Талас шаарынын вице-мэри Жаныбек Исраилов катышты. Алар жаш футболчуларга ыраазычылык билдиришип, мындан ары да ийгилик жарата беришин каалашты.