Америкалык ырчылар Уитни Хьюстондун жана Бобби Браундун 21 жаштагы кызы Бобби Кристина Браун 26-июлда көз жумду. Ал 31-январда өзүнүн жуунуучу бөлмөсүнөн эс-учун жоготкон абалда табылгандан кийин эле комага түшүп калган эле. Бул тууралуу чет элдик басма сөз каражаттары жазып чыгышкан.
Кристина Браунду жарандык никедеги күйөөсү Ник Гордон досу менен суу толтурулган ваннада көмкөрөсүнөн түшкөн абалда көрүшкөн. Ал полиция жана "Тез жардам" кызматын чакырган. Дарыгерлер келгиче жасалма дем алдырып турган. Көп убакыт өзүнө келбеген кызды көргөндө анын үй-бүлөсү оор чечим кабыл алып, Кристина Браунду дем алуу аппаратынан да өчүрүүнү айтып чыгышкан. Анын мээси кандай абалда экенин билүү үчүн врачтар дарынын өлчөмүн азайтканда кызды калтырак баскан. Ушундан улам аны кайрадан жасалма дем алдыруучу аппаратка салышкан.
Эске салсак, Уитни 2012-жылы 11-февралда 48 жаш курагында дүйнө салган. Анын жансыз денеси Лос-Анжелестин “Беверли Хиллтон” мейманканасынан табылган. Бобби Кристина апасынын каза болгонун оор кабыл алып, эки жолу психикалык дарылоодон өткөн.