Биз социалдык тармакта

Бишкекте автобус жеңил унааны сүзүп, тротуарга чыгып токтоду  

Бүгүн, 27-октябрда саат 20:40 чамасында Бишкекте №195 каттамдагы автобус жол кырсыгына кабылды. Кырсыктан жабыркагандар болгон жок. Бул тууралуу МККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматка ылайык, Zhongtong үлгүсүндөгү автобустун айдоочусу Абдрахманов көчөсү менен түштүк багытта бара жатып, Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинен оңго бурулуп жаткан Weltmeister үлгүсүндөгү унааны артынан сүзгөн.

Кагылышуудан кийин автобус токтобой, жол жээгиндеги камераны, жол белгисин жана бордюрларды сүзүп, тротуарга чыгып токтогон.

Учурда жол кырсыгынын себептери жана жагдайлары такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан