3-март - Мамлекеттик туу күнүнө карата ири масштабдагы иш-чара өтөт

4-мартта борбордогу "Ала-Тоо" аянтында КРнын Мамлекеттик туусунун кабыл алынган күнүнө карата ири масштабдагы иш-чара өтөт. Анда  жөө жүрүш, сүрөт көргөзмөсү жана концерттик кече тартууланмакчы. Бул тууралуу Жаштар, эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, бул иш-чарага аталган министрликте министрдин милдетин аткаруучу Алиясбек Алымкулов, шаар мэри Иса Өмүркулов, вице-премьер-министр Камила Талиева, ЖКнын депутаттары жана студенттер катышат. Айта кетсек, өлкөнүн Мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан