Бүгүн, 1-сентябрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда куудул Борончу Кудайбергеновдун
100 пайыз күлкүгө толгон “Алдар Көсө” аталышындагы концерти өттү. Кечени “Тентектер”, “Беш тапан” куудулдар тобунун жигиттери коштоп, концерттин башталышы менен эле куудулдардын тамашалары күлкү күйөрмандарынын маанайын көтөрдү. Өзгөчө Борончу Кудайбергеновдун жогоруда аты аталган топтордун балдары менен биргеликте аткарган окуу жылынын ачылышына арналган сатирасы залды күлкүгө бөлөдү. Концертте Кудайбергенов өзүнө таандык бир катар ырларын тартуулап, андан кийин үч-төрт кыздын сахнага жаңыдан ырдап чыгып, сахна көшөгөсүн ачышына орун берди.Акырында Кудайбергенов менен "Беш тапан" тобунун жигити Болсунбек Стакеевдин парламенттик шайлоо жана чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мамлекетибиздин жарандарынын көйгөйүн чагылдырган сатирасы көпчүлүктү жашытты. Куудулдар сатира ойноп жатып өздөрү да көздөрүнө жаш алышты.
Сатиранын маңызында 10 жылдан бери Орусияда жүргөн кыргыз жигитинин мекенине келбей, ошол жактан үйлөнүп, кийин кош бойлуу түгөйүн жетелеп келип, атасына "батаңды берип, келиндин үйүнө барып, ата-энесинин астына түшүп кой" деп суранганы, ага атасы шарт жок, өзү, кемпири жана кичүү баласы банктарда күрөөдө турганын, шайлоодо депутаттыкка талапкерлерден акча алып, анан талабын аткара турганын айтканы камтылган. Андан кийин жигит өзү менен бирге жүргөн мекендеши 10 жылдан бери туулган жерине келе албай, мекенинин абасын, суусун сагынганын, бөтөн жерден тажаганын айтып, "карыздарымдан кутулуп кетем" деп, карыздарын бергенден кийин каза болуп калганын айтып бергени айрымдарынын көздөрүнөн жаш агызды.
"Бийлик башындагылар элге шарт түзүүнүн ордуна элди алдап, мамлекеттин казынасына кол салып жаткандыктан, ал жакта бир нече миң мекендеш эптеп жашоосун оңдоп алуу үчүн тентип жүрөт. Аксакалдар кээ бирөөлөрдүн арзыбаган акчасына бата берип, "сен жакшы" деп кайра бийликке келишин колдоп жатышканына күнөөлүү. Чет өлкөдө мекендештер бир бөлмөлүү батирлерде 10-15тен болуп жашап, аргасыздыктан жүрүшөт. Айрымдары ден соолугунан айрылып, кээси каза болуп жатат. Балдары бул жакта көрүнгөн тууганынын үйүндө күн өткөрүп, ата-энесин күн санап күтүүдө",- деп жыйынтыктады сатираны атасынан бата сураган жигит (Борончу Кудайбергенов).
Сатирага күбө болгон залдагы элдин бир тобу көзүнө жаш алып, ордуларынан туруп 3-4 мүнөт кол чабышты.
Бул концерт 31-августта да тартууланган.