Кемин районундагы Кутессай-II жана Калесай кендеринде геологиялык чалгындоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Жаратылыш министрлиги билдирип, министр Акыл Токтобаев жерине барганын кабарлады.
"Аталган кендер деңиз деңгээлинен 2000-2800 метр бийиктикте жайгашкан. Учурда 3 миң погондук метр геологиялык скважина бургуланып, лабораториялык изилдөө үчүн 1,5 миңден ашык үлгү алынды. Бургулоо иштери кендердин геологиялык түзүлүшүн изилдөө жана пайдалуу кендердин запасын баалоо максатында уланууда. Аталган кендер сейрек кездешүүчү элементтерге, полиметаллдарга жана бериллийге бай",- деп белгиленди маалыматта.