Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Караколдогу саркынды суунун көлгө куюлуп жатканы тастыкталбаганын билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда канализациядан чыккан суу көлгө куюлуп жатат деген маалымат менен видео тараган.
Маалым болгондой, бүгүн, 27-октябрда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы аймакка текшерүү жүргүздү.
"Аймакта заманбап балык чарбасы курулуп жатканы аныкталды. Курулуш учурунда жер астынан чыккан суу насостун жардамы менен көлгө чыгарылып жатканы белгилүү болду. Көлгө өндүрүштүк же тиричилик саркынды суулары төгүлүп жатканы тастыкталган жок",- деп белгиленди маалыматта.