Ошто Эл артисти Мыскал Өмүрканованын 100 жылдыгына карата иш-чара өттү

Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде залкар ырчы, Эл артисти Мыскал Өмүрканованын 100 жылдык мааракесине арналган илимий-чыгармачылык иш-чара өттү.

Анда Мыскал Өмүрканованын кайталангыс талант экендиги белгиленип, “Алымкан”, “Ак бермет” “Ой, булбул”, “Катка жооп” жана башка ырларын мыкты чеберчилик менен аткаргандыгы айтылды. Эл артисти Жолболду Алыбаев Москвадагы атактуу чоң театрда М.Өмүрканова “Алымкан” ырын аткарганда Иосиф Сталин баштаган чоң зал баары туруп кол чапкандыгын эске салды. 

Кече концерттик программа менен коштолуп, катышуучуларга Мыскал Өмүрканова тууралуу кеңири маалыматтар берилди.

Белгилей кетсек, Мыскал Өмүрканованын 100 жылдык мааракесин белгилөө боюнча атайын өкмөттүн буйругу чыккан. Бул багытта искусство факультетинде бир айлык жарыяланып, залкар таланттын өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу тарбиялык сааттар өтүлүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан