Бүгүн, 26-октябрда Ысык-Ата районунда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн теориялык экзамен тапшырып жаткан жарандан жашыруун камера жана зымсыз кулакчындар табылды. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордон билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган жаран теориялык экзаменден өтүү үчүн ортомчуга 100 миң сом берген.
"Аталган факты боюнча тиешелүү акт түзүлүп, табылган техникалык каражаттар жана материалдар укуктук баа берүү үчүн ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди", - деп белгиленет маалыматта.