"Түрксой" уюмунун 18-Опера күндөрү опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин элесине арналды

"Түрксой" уюму 15-24-сентябрь күндөрү Опера күндөрүн өткөрдү. Иш-чара жыл сайын түрк тилдүү өлкөлөрдөгү белгилүү инсандардын элесине арналат. Бул жолу кыргыз опера ырчысы, СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкыевдин элесине арналганын кыргыз элинин "Түрксойдогу" өкүлү Кожогелди Кулуев билдирди.
"Түрксойдун" аталган иш-чарасына быйыл биринчи жолу балет өнөрүнүн аристтери катышышты. Көптөгөн туристтер, жергиликтүү тургундар түрк тилдүү өлкөлөрдүн балет бийчилеринин талантына күбө болушту. Классикалык жана улуттук балет бийлерин Казакстан, Азербайжан, Түркия, Гонконгдогу опера-балет театрынын артисттери аткарышты. Маданий саамалыкка Азербайжандан Фарида Мамедова, Ильхам Назаров, Казакстандан Жупар Габдулина, кыргыз өлкөсүнөн Бактыбек Ыбыкеев менен Элнура Самарбекова, Түркияданы Зеррин Карслы, Түндүк Кипрдеги Түрк Республикасынан Бесте Берк, Татарстандан Артур менен Эльза Исламовалар, Башкортостандан Светлана Аргинбаева, Түркмөнстандан Бибижамал Аманова, Кытайдын Синьцзянь-Уйгур автономдуу районунан Дильбер Юнус катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан