Эртең Бишкекте композитор Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына карата иш-чара өтөт

Борбор калаада эртең, 14-октябрда композитор Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына карата иш-чара өтөт. Анда №6-балдардын искусство мектебинде композитордун бюсту ачылат. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Обончу Жумамүдүн Шералиев 1915-жылы 3-сентябрда Ат-Башы өрөөнүнүн Туюк-Богошту айылында туулган. Ат-Башы райком комсомолунда, райаткомдо катчы, филармонияда солист, Республикалык радио уктуруу комитетинде редактор, Нарын шаарындагы Маданият үйүндө көркөм жетекчи, ошол жердеги Музыкалык драма театрынын музыка бөлүмүндө башчы болуп эмгектенген. 
Ал 500дөн ашуун ар кыл жанрдагы ырларга обон жараткан. Белгилүүлөрү: "Бактылуу жаштык", "Кыргызстан", "Нарын вальсы", "Жибек чач", "Жаш чабан", "Сулуу кыз" ж.б. 1973-жылы Жумамүдүн Шералиевге "Кыргыз Эл артисти наамы" ыйгарылып, Ардак белгиси ордени жана башка медалдар менен сыйланган. Атактуу обончу жөнүндө китеп да жазылган. 
Жумамүдүн Шералиев 1994-жылы 15-мартта 79 жашында оорудан улам көз жумган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Medina87
2015-10-13 19:25:48
Билген,тушунгон адамга биздин Жумамудун Шералиев атабыздын чыгармачылыктагы чыйыры Казак элиндеги Шамши Калдаяковдун баскан жолунан кем эмес!Кылымга шайкеш туулган кунундо Жумамудун атага бейиштин торун тилегенче чыгарган обондору эл ичинде оболой беришин каалайм!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан