Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 20-октябрда "Natya STEM" индиялык бийчилер тобу чыгамачылыгын тартуулашат. Бул тууралуу Индиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги билдирди.
"Natya STEM" ансамблинин аталышы "мейкиндик, убакыт, энергия жана кыймыл" деп чечмеленет. Лирикалык жана динамикалык кыймылдары менен аталган топ салттуу бийлерди заманбап стилде бийлеп жүрөт. Аталган бий тобу бир катар эл аралык сынактардын жана фестивалдардын лауреаты болгон. Бир гана Индияда эмес, АКШ, Австралия, Жаңы Зеландия жана башка мамлекеттерде белгилүүлүккө жетишкен”,- деп айтылат маалыматта.