ЭЛДИК КАБАР: Түрмөдөн качкан экстремисттерди түнү менен "Дордой" базарынан издешти

Бүгүн, 16-октябрда түнкү маалда милиция түрмөдөн качкан диний экстремисттерди "Дордой" базарынан издешти. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Түнкү саат 00:30 чамасында №50-түзөтүү колониясынан үч кызматкердин өмүрүн алып, бирөөсүнө оор жаракат келтирип качып кеткен кылмышкерлер "Дордой" базарында деп билдирүү келген экен. Атайын багыттагы жоокерлер, милиция, МАИ кызматкерлери толугу менен "Дордой" базарын курчоого алып, издөө кызуу жүрүп жатты. Мындан тышкары "Дордойго" кире турган көчөлөрдөн тартып андан чыкканга чейинки жолдор толугу менен көзөмөлдө болду. Ар бир жеңил, оор унааларды карап, документтерди текшерип жатышты",- дейт окурман.
Айта кетсек, бүгүн эртең менен кылмышкерлер дагы эле кармала элек экени белгилүү болгон.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
mr.ulan89
2015-10-16 08:56:46
Балким оздору жалган маалымат берип алаксытып жатышат.
+3
kobra86
2015-10-16 09:37:43
mr.ulan89, болушу мумкун
0
Perikyz.kg
2015-10-16 08:59:18
Ай Ким билет Ким билет..
+1
alickjan
2015-10-16 10:03:03
Ушунча убакыттан бери журушмок беле кетишти да ал да качан.
+1
bakan
2015-10-16 10:03:36
бул турмодон качкандарга дордойдо эмне бар алар бир жерде жатат да изин жашырып пока издоо тынчыганча анан бир жака жылса керек
-1
mr.ulan89
2015-10-16 10:09:15
Алар ошол туну эле качып кетишсе керек турмодон качкандар волядан кантип кача албасын.
+1
maks94.kb
2015-10-16 10:18:40
жумушка бара жатсам унадан тушо калып эле жабыштыларго кишинин журогун тушуруп оюмда эч нерсе жок бей капар бара жаткам менда капшонкамды кийип алып абдан шашып бараткам алдымдан капыс эле машинадан куралчан жигитер тушуп эе текшере баштаса оозума келмем келбей калдыго саат 4 00 чамасы болчу дагын жакшы билгендей документеримди озум менен алып алгам
0
amanatym
2015-10-16 10:27:21
maks94.kb,алардын жумушу да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан