16-октябрь күнү Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын 8-сезону старт алды. Аны долбоордун негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев өзү ачып, командаларга ийгилик каалады.
Бүгүн “Позитифф”, “Элестет”, “Ассорти”, “Мисс шоу”, “Жалал-Абад”, “Ацтек”, “IUK”, “Универсал”, “НКБ”, “National”, “Багыт”, “Ошингтон”, “Кыргыз двор”, “Brooklyn”, “Рота”, "Порыв ветра" командалары өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт.
Алардын өнөрүн актриса Шайыр Касымалиева, эстрада ырчысы Урмат Усенов, “Супер-Инфо” гезитинин башкы редактору Эльвира Караева, юрист Жоомарт Жолдошев, стилист Замира Молдошева, режиссёр Рысбек Жабиров, спортчу Чыңгыз Боркошев электен өткөрүшүүдө.