Бүгүн, 19-октябрда Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында V Эл аралык “Арт-Ордо” театралдык фестивалы башталды. Фестиваль 23-октябрга чейин уланып, анын жүрүшүндө 15 спектакль тартууланат. Мунун 12си сынактын элегинен өтсө, үчөө сынактан тышкары коюлат.
4 күндүн ичинде калыстар тобу жыйынтык чыгарат. Алардын тандоосу менен 9 номинация аныкталып: “Мыкты спектакль”, “Мыкты жанр”, “Мыкты актёр”, “Мыкты актриса” жана башкалар боюнча сыйлыктар тапшырылат.
Мындан тышкары 1-орунду багындырган спектаклге 60 миң сом жана 2-3-орундарга 25 миң сомдон берилет. Быйыл фестивалга 5 өлкөнүн спектаклдери тартууланат.