26-октябрда Бишкектеги Улуттук китепканада Кыргыз ССРинин Эл артисти, СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын ээси, профессор, комузчу-аткаруучу Самара Токтакунованын 70 жылдыгына арналган «Комуз өнөрүнүн жароокер бийик периси» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана жолугушуу кечеси өткөрүлөт. Бул тууралуу китепканадан билдиришти.
Маалым болгондой, көргөзмөнүн ачылышына мамлекеттик жана коомдук уюмдар, маданияттын жана искусствонун кызматкерлери, студенттер жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.
Айта кетсек, Самара Токтакунова репертуарында Токтогул, Мураталы, Ниязалы, Атай, Ыбырай, Карамолдонун жана башка комузчулардын ондогон күүлөрү болгон. Анын күүлөрүнүн көпчүлүгүн
К.Орозовдун күүлөрү түзгөн.
1975-жылы комузчу эки бөлүмдөн турган өзүнүн жеке концертин берген. 40 программалык мелодиядан турган концерттин ичинен көбү Кыргыз радиотелекомпаниясынын алтын фондуна жазылып, сакталып турат.
Токтакунова КМШ өлкөлөрүндө, АКШда, Канадада, Мексикада, Германияда, Испанияда, Австрияда, Бельгияда, Түркияда, Монголияда, Японияда, Кытайда, Норвегияда жана башка өлкөлөрдө концерт коюп Кыргыз Республикасын тааныткан.
Ал Гаванадагы XI Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын, Алматыдагы Эл аралык фестивалдын лауреаты болгон. Ага Манас ордени, Даңк медалы, Вьетнамдын Достук ордени, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык уюмунун Алтын медалы берилген. «Руханият», М.Ауэзов атындагы сыйлыктарга татыган.