Түркия Суперлигасынын 9-турунда "Галатасарай" футбол клубу өз оюн талаасында "Фенербахчени" 2:1 эсебинде жеңди. Бирок беттеш аяктагандан кийин футболчулар талаада мушташа кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, чыр "Фенербахченин" оюнчусу Арчи Браун менен "Галатасарайдын" коргоочусу Абдүлкерим Бардакжынын ортосундагы талаштан кийин башталды. Алгач кайым айтышуу менен башталган чыр-чатак мушташка айланды.
Окуяга кийлигишкен полиция кызматкерлери футболчуларды арачалап, кырдаалды жөнгө салышты. Жыйынтыгында эки оюнчу тең кызыл кагаз алышты.