Бүгүн, 26-октябрда Бишкектеги Улуттук китепканада Кыргыз ССРинин Эл артисти, СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын ээси, профессор, комузчу-аткаруучу Самара Токтакунованын 70 жылдыгына арналган «Комуз өнөрүнүн жароокер бийик периси» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана жолугушуу кечеси өттү. Көргөзмөнүн ачылышына кеченин ээси Самара Токтакунова, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, маданияттын жана искусствонун кызматкерлери, студенттер катышышты.
Айта кетсек, Самара Токтакунованын репертуарында Токтогул, Мураталы, Ниязалы, Атай, Ыбырай, Карамолдонун жана башка комузчулардын ондогон күүлөрү бар. Анын күүлөрүнүн көпчүлүгүн К.Орозовдун күүлөрү түзөт.
Токтакунова КМШ өлкөлөрүндө, АКШда, Канадада, Мексикада, Германияда, Испанияда, Австрияда, Бельгияда, Түркияда, Монголияда, Японияда, Кытайда, Норвегияда жана башка өлкөлөрдө концерт коюп Кыргыз Республикасын тааныткан.
Ал Гаванадагы XI Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын, Алматыдагы Эл аралык фестивалдын лауреаты. Ага Манас ордени, Даңк медалы, Вьетнамдын Достук ордени, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык уюмунун Алтын медалы берилген. "Руханият", М.Ауэзов атындагы сыйлыктарга татыган.