МАИ кызматкерлери "Япониянын өкмөт башчысы келет" деп Сокулук районуна караштуу Мрамор айылындагы унааларды "Манас" аэропортунун жолуна чыгарбай, айыл жолун жаап салышты. "Жолду жапсын, каршылыгым жок, бирок эки саатка жаап салуу туура эмес. Айрымдары ооруканага шашса, айрымдары өтө зарыл жумуштары менен шаарга баратышкан. Жол тыгыны пайда болуп, МАИ кызматкерлери кыймылды жөнгө сала албай жатышат",- деди окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кайрылып.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.