
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп
Винера Раимбачаева дайындалды.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бүгүн, 5-октябрда жаңы дайындалган орун басар облустун жетекчилерине, район акимдерине жана мекеме-ишканалардын жетекчилерине тааныштырылды.
Белгилей кетсек, Раимбачаева Жогорку Кеңештин VII чакырылышында "Ыйман нуру" партиясынан депутат болгон.