Биз социалдык тармакта

ЖЫЛНААМА, 5-октябрь: Ырчы Айдана Дека бүгүн 30 жашка толду

Бүгүн, 5-октябрда эстрада ырчысы Айдана Дека туулган күнүн белгилеп жатат. Ырчы бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

"Алло? 30 жашпы? Анда салам. Бул жашка жеткениме дагы деле ишене албай жатам. Жашоомдун бул жаңы жылы сүйүү, үй-бүлө, кыялдар жана бакыт тууралуу болсун",- деп жазды ал.

Айдана Дека Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын эстрадалык вокал бөлүмүн аяктаган. Ырчынын репертуарында "Кыздын сыры", "Жигитке", "Бийле", "Кыргызым" жана башка ырлар бар.

Айдана Дека 2019-жылы ырчы Аваз Акимовго баш кошуп, учурда жубайлар эки кызды тарбиялап келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан