Бүгүн, 26-октябрда саат 15:12 чамасында Баткен шаарында эки ирет катуу жер титирөө катталды. Анын себебинен шаардагы Сыдык Айтматов атындагы мектептин окуучулары аябай катуу чочуп калышып, бири сүйлөй албай жатканын окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кабарлады. "Бири өтө катуу коркуп калган экен, жакшы сүйлөй албай жатат",- деди ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.