Ош шаарында лөлүлөр аластоо үчүн шаардагы арчаларды сындырып жатышат. Окурман бул тууралуу 29-октябрда SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кабарлап, алар мэриянын шаарды көрктөндүрүү үчүн жасаган эмгегин текке кетирип жатышканын айтты. "Мэрия арчаларды көктөтө албай убара болсо, булар өз билемдик кылып сындырып жатышат. Анан да тазалыкты сакташпайт. Буларды катуу көзөмөлгө алууну талап кылам",- деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.