Бүгүн, 29-октябрда Талас облусундагы дыйкандар облустук администрациянын алдына төө буурчактын баасын көтөрүү талабы менен кайрадан митингге чыгышты. Окурман учурда администрация алдында 500дөй эл чогулуп турганын SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу маалымдады. Дыйкандар төө буурчактын баасын 60-70 сомго чейин жогорулатуу керектигин айтышууда.
Эскерте кетсек, дыйкандар ушул эле талап менен 18-октябрь, 22-октябрь жана 26-октябрь күндөрү да митингге чыгышкан.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.