Таласта обладминистрациянын алдына митингге чыккандар 4 күндүн ичинде маселе чечилбесе, Бишкекке келишерин айтып тарашты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу маалымдады. Чогулгандар бүгүн облус башчысы менен сүйлөшүштү. Жыйынтыгында өкмөткө дагы бир нече күн убакыт берүү чечимине келишкенин айтышты. Талап - төө буурчактын баасын көтөрүү.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.