Кыргыз режиссёрунун “Сүтак” аттуу тасмасы Минск шаарындагы Эл аралык кинофестивалга катышат

Режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” (“Небесное кочевье”) аттуу фильми Минск шаарындагы 22-Эл аралык “Лістапад” кинофестивалына катышат. Иш-чара 6-ноябрдан 13-ноябрга чейин “Көз кумарын кандыруу” аттуу урааны менен өтөт.

60 өлкө кинофестивалга катышуу ниетин билдирген. Фестивалга Австралия, Австрия, Аргентина, Бельгия, Болгария, Боливия, Бразилия, Улуу Британия, Венесуэла, Вьетнам, Германия, Гренландия, Греция, Грузия, Дания, Израиль, Иран, Ирландия, Исландия, Испания, Италия, Казакстан, Канада, Катар, Кытай, Колумбия, Куба, Кыргыз Республикасы, Латвия, Литва, Люксембург, Малайзия, Мексика, Нидерланды, Норвегия, Палестина, Польша, Португалия, Орусия, Румыния, Түндүк Корея, Сербия, Словакия, Словения, АКШ, Тайвань, Түркия, Таиланд, Украина, Филиппин, Финляндия, Франция, Хорватия, Чехия, Швейцария, Швеция, Шотландия, Эстония жана Япония өлкөлөрүнөн 150 тасманын катышуусу күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jumatone
2015-10-29 20:16:08
Минскидеги болобу же минсктеги болобу?
0
admin_portal
2015-10-30 10:42:00
jumatone, саламатсызбы!
Эки вариантта тең колдонула берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан