Сиам эгиздеринин бири Зита каза болду

Сиам эгиздеринин бири Зита бүгүн, 29-октябрда каза болду. Эскерте кетсек, Бишкектеги Улуттук госпиталда көптөн бери дарыланып жаткан сиам эгиздеринин бири Зита жакында үйүнө чыгарылган эле. Анын үй-бүлөсү кыздын абалынын жакшырышына туулган айылы, киндик каны тамган жер жардам берет деген чечимге келишкен. 19-сентябрда Улуттук госпиталдын медицина кызматкерлери кызды үйүнө жеткирип, кеп-кеңеш беришкен болчу.

Сиам эгиздери Зита менен Гита 1991-жылы 19-октябрда төрөлүшкөн жана Сокулук районундагы Западное айылында жашашат. 2003-жылдын 26-мартында Москвада операция жасалып, эгиздер ийгиликтүү ажыратылган. 2013-жылдан кийин Зитанын абалы начарлай баштаган.

Гитанын ден соолугунун абалы туруктуу.

Зита-Гита. Тагдырдын өгөй кыздары.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
medina.
2015-10-29 22:00:07
ии,жаман болуптур.Жайы жаннатта болсун.
+2
Stella_1
2015-10-29 22:05:35
Жайы жаннаттан болсун!!!
+2
nakiw
2015-10-29 22:47:06
Жайы жаннатта болсун.
+1
Suian
2015-10-29 23:04:44
Jaiy jannattan bolsun.
+1
Shat.88
2015-10-29 23:21:07
Ии байкуш ай омур сурсо жакшы болбойт беле,эч нерсе корбой кетти да.
+3
Angel92
2015-10-29 23:26:28
Жайы Жаннаттан болсун
+2
880909
2015-10-29 23:36:18
жайын жаннатта болсун карындашым......... ата энесине сабыр тилейм, абдан кайгылуу
+9
guju9389
2015-10-29 23:39:04
жаткан жери жайлуу болсун
+1
mergen4i
2015-10-29 23:40:50
Аллахым оз рахматына алып бул жарыктыкта корбогон жыргалчылыктарын чын-туболук дуйнодон насип этсин жана анын калган омурун Гитага кошуп берсин.
-2
happy02
2015-10-30 01:16:27
Эхх Кудай ай.. Кечээ эле орустардын кайсы бир каналынан корсотуп жатты эле. Арты кайрылуу болсун.
+4
zama1993
2015-10-30 07:17:24
Жайы жанаттан болсун
0
gul3ina
2015-10-30 07:34:56
Жайы жаннаттан болсун
0
bolotbai3
2015-10-30 09:07:02
Иий жакткан жери жайлуу,жаны жаннаттан болсун.Бул кыздарга Рамзан Кадыров да жардам берсе керек эле.
0
nurzada78
2015-10-30 10:51:01
Бир кем дуйно деген ушул да!
0
pirim77
2015-10-30 12:54:26
Арты кайрылуу болсун. Бешенесине ушуну жазган экен. Бирок булардын апасы Россияга барып кыргыздар бизге жардам бербейт деп жамандап жатып калат экен. анткени туура болбойт откондо россиянын жарандыгын алабыз деп журушкон.баары бир бору баласы ит болбойт экен да канчалык башка улутту боорубузга кысканменен булар шыбайт экен бизди.
+1
Rahim76
2015-10-30 17:46:35
pirim77, кошулам 100%кошулам.Мен тв дан коргом.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан