Бишкектеги улуттук госпиталда көптөн бери дарыланып жаткан сиам эгиздеринин бири Зита үйүнө чыгарылды. Саламаттыкты сактоо министрлиги 21-сентябрда билдиргендей, анын үй-бүлөсү кыздын абалынын жакшырышына туулган айылы, киндик каны тамган жер жардам берет деген чечимге келишкен. 19-сентябрда Улуттук госпиталдын медицина кызматкерлери кызды үйүнө жеткирип, кеп-кеңеш беришти.
Кыздын апасы Зумрият Резаханованын айтымында, кызынын дарылануусуна керектүү нерселер көп жумшалууда, айрымдарын кыргыз жериндеги дарыканалардан табуу мүмкүн болбой жатат. Кызынын жараатынын жеңилдеши үчүн үй-бүлөсү Жараткандан жардам суроодо.
Сиам эгиздери Зита менен Гита 1991-жылы 19-октябрда төрөлүшкөн жана Сокулук районундагы Западное айылында жашашат. 2003-жылдын 26-мартында Москвада операция жасалып, эгиздер ийгиликтүү ажыратылган.
Министрликтин билдиришинче, Зитанын абалы туруктуу оор бойдон калууда.