"Инсан" тобунун концертинде жаңырган бир кездеги хиттер музыка сүйүүчүлөрүн 90-жылдарга алып барып келгендей болду (фоторепортаж)

Бүгүн, 4-ноябрда Бишкекте легендарлуу "Инсан" тобунун 25 жылдыгына арналган концерт болуп өттү. 3 саатка чукул убакытка созулган концертте топтун жигиттери эски жана жаңы ырларын аткарып өтүштү. Анан да Актан Исабаев, Гүлнур Сатылганова, Эркин Мукашев, Ырыскелди Осмонкулов сыяктуу кыргыз музыкасынын алптары обон созушту. Аталган ырчылар "Инсан" тобунун кайрадан чогулуп, биргеликте чоң сахнага кайтканына кубанып жатышканын билдиришти. Алардын аткаруусундагы бир кездеги хиттер элди 90-жылдарга алып барып келгендей болду.

Ошондой эле конок катары Жийдеш Идирисова, топтун жетекчиси Эркин Мээркановдун шакирттери өнөр тартуулашты. Мээркановдун уулу скрипка чертип, ата өнөрүн жерде калтырбай турганын далилдеп берди. Эл аны жакшы кабыл алып, бир топко кол чаап турду.

"Инсан" тобу ортодо сахнада көрүнбөй калганы болбосо, ар дайым элдин эсинде экенин концерттеги шаңдуу көрүнүштөн улам байкаса болот. Чогулган эл ар бир ырды кошо ырдап, кол чаап, концерттин аягына чейин аларды коштоп турду.
Профессионал музыканттардан турган топ кыргыз эстрадасында сапаттуу чыгармалары менен из салган. Алардын бул күндөгү концерти күйөрмандарынын үмүтүн толук актады дегенге негиз бар.

“Инсан” тобунун 25 жылдыгына арналган концерт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aidai88
2015-11-04 22:47:34
Инсан тобун урматтаймын,акыркы суроттогу бала менен бир кезде ооруп жургом,анда окуучуэлем.
+3
Biinura
2015-11-05 00:06:18
" Инсан" тобунун омуру узун болсун.
+2
Shat.88
2015-11-05 00:48:27
Тынай Алыбаев менен мен да оорудум эле бала кезимде ошол эле бойдон .
+7
nelya88
2015-11-05 02:43:54
Shat.88, 88-жылкылардын баары эле фанаттары болгон окшойбуз,окуучу кезибизде..
+3
aidai88
2015-11-05 11:32:00
nelya88, ))))
0
sterva
2015-11-06 08:22:03
Shat.88, иий мен да ооругам,бир концертине барып,ыйлап))
0
Manas1983
2015-11-05 01:27:10
Кандай гана ырчы болбосун ар кандай ырчынын тагдыры ар кандай болот экен,мен мына Москвада 18 жылдан бери жашайм ар бир Кыргыз ырчыны колдойм дайым орусча айтканда Не важно в каком жанре он или она Поёт!!!Биз кыргызбыз!!!Мен Ошого Кубанычтамын!!!Кыргыз деген калк Дуйнодо жок!Аман болсун этим,Аман болсун Инсан тобу,Москвада Сары ой деген ырды Тынайдын аткаруусунда укканда ,Жан дуйном,душам ыйлайт,Ийгилик силерге Инсан!!!
+5
Manas1983
2015-11-05 01:38:39
Конечно жалко концертке барганга жил алыс!!!10 жылдан бери Кыргызстанды коро элекмин)!
+3
cristiano
2015-11-05 02:16:33
Manas1983,Жок, дегенде Супер Инфого кирип турат экенсин, баракелде. :)))))
+3
beka123
2015-11-05 02:22:23
Тынай байкем красавчик
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан