Бүгүн, 5-ноябрда ФИФАнын (Эл аралык футбол федерациясы) рейтинги жаңыланды. Октябрь айындагы көрсөткүчтөр эсепке алынып жаңыланган рейтингде улуттук курамабыз 22 орун алдыга жылып, 124-орунду ээледи. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, октябрь айында Бангладеш курамасын 2:0 эсебинде утуп, Тажикстан менен 2:2 эсебинде тең ойногон улуттук курамдын карамагында 277 упай бар.
Буга чейинки рейтингдерде дайыма мамлекетибиздин улуттук курамасынын алдында жайгашып келген Казакстан курамасы бул жолу 11 орун алдыга жылып, рейтингде 131-орунду ээледи.
Алдынкы ондукта Бельгия, Германия, Аргентина, Португалия, Чили, Испания, Колумбия, Бразилия, Англия жана Австрия сыяктуу командалар бар.