ФИФАнын рейтинги. Кыргыз өлкөсү 95-орунду сактап калды

Бүгүн, 4-апрелде ФИФАнын расмий баракчасында футбол боюнча улуттук курама командалардын жаңыланган рейтинги жарыяланды. Ага ылайык, Кыргыз курама командасы 211 мамлекеттин ичинен 95-орунга, Азия конфедерациясынын ичинен 14-орунга жайгашты.

Февраль айында жарыяланган рейтингде да улуттук курама команда 95-орунду алган. Бул аралыкта кыргыз курамасы бир дагы беттеш өткөргөн жок.

Ошондой эле рейтингдин сап башында жайгашкан 10 өлкөнүн катарында да өзгөрүү орун алган эмес. Алдыңкы ондукта мурдагыдай эле Бельгия, Франция, Бразилия, Англия, Хорватия, Уругвай, Португалия, Швейцария, Испания жана Дания өлкөлөрү турат.

Коңшу өлкөлөрдүн ичинен Өзбекстан 89-орундан 85-орунга көтөрүлүп, Орто Азияда биричи орунда келе жатат. Ал эми Казакстан 116, Тажикстан 120, Түркмөнстан 136-орунга жайгашкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Karasuu27
2019-04-04 16:45:08
Ананайын кыргызым!Мен сени сагындым!
+2
expert.007
2019-04-04 17:38:27
Кечеги сүрөттү коюштан уялдыңарбы. Чаңы чыккан стадионубуз менен тарыхта калдык го
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан