Футбол боюнча кыргыз курама командасы ФИФАнын рейтингинде бир тепкичке көтөрүлдү

Футбол боюнча кыргыз курама командасы ФИФАнын рейтингинде бир тепкичке көтөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук футбол федерациясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ФИФА уюмунун жаңыланган рейтингинде Кыргыз курамасы 210 команданын ичинен 90-орунду ээледи. Буга Александр Крестининдин шакирттеринин Малайзия курамынын үстүнөн 1:0 эсебинде жеткен жеңиши себеп болду.

Ал эми улуттук курамдын Азия кубогундагы тайпалык оюндардагы атаандаштыры төмөнкүдөй орундарга ээ болушту:

Кытай 75-орунда жайгашып, мурдагыдан бир тепкич жогоруласа, Түштүк Корея курамы 53-орунду ээлеп, 2 тепкичке көтөрүлдү. Филиппин курамасы 116-орунду ээлеп, мурунку рейтингден 2 тепкичке төмөндөгөн.

Бул айдын эң мыкты командасы болуп 8 тепкичке секирик жасаган Гибралтар командасы табылса, 9 тепкичке төмөндөгөн Мозамбик курамасы эң начар команда болду.

Белгилей кетсек, ФИФАнын рейтинги курама командалардын көрсөткөн жыйынтыгына жараша ай сайын жаңыланып турат. Ушул жылдын апрель айындагы рейтингде Кыргыз курама командасы 40 тепкичке көтөрүлүп, айдын мыкты командасы болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан