Тургуналы Нурматовдун концертинде "Кыргызымдын жигиттери" ыры эсте каларлык аткарылып, кеченин мыкты номери болууга татыды (фоторепортаж)

Бүгүн, 7-ноябрда Бишкектеги Спорт Ордосунда ырчы, композитор Тургуналы Нурматовдун "Кубанычтар дайра болуп агылып..." аттуу концерти өттү. Кеченин ээси күйөрмандарына өз ырларын аткарып берди.

Алгач "Шырылдаң", "Гүл жазым", "Эстейм, апа" аттуу белгилүү ырлары бийчилердин коштоосунда аткарылды.

Ыр кечесине келгендердин басымдуу бөлүгү улуу муундун өкүлдөрү болушту. Айрымдары балдары, неберелери менен келишти.

Т.Нурматов аккордеондун коштоосунда "Тагдыр", "Жан Чубак" аттуу ырларын жандуу ырдады.

Ар бир ыр бүткөн сайын күйөрмандар кеченин ээсине гүлдестелерди тартуулап жатышты.

"Жубайыма" аттуу ырын аткарарда Т.Нурматов сахнага жубайын чакырды.

Концертте кыргыз эстрадасынын ырчылары обондору Т.Нурматовго таандык жана өз ырларын аткарышып, кеченин ээсине куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги Т.Нурматовго калпак жана чапан кийгизип, "Талас облусунун чыгаан инсаны" наамын ыйгарды.

Сулуу селкилер чыгыш бийин аткарышты.

Тургуналы Нурматовдун концертинде "Кыргызымдын жигиттери" ыры эсте каларлык аткарылып, кеченин мыкты номери болууга татыды.

Айта кетсек, Тургуналы Нурматов жакында "Супер-Инфо" гезитине маек курган.

Тургуналы Нурматовдун 60 жылдык кечесинен репортаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
nurzada78
2015-11-08 05:01:50
"Кыргызымдын жигиттери"деген ырын элге жеткире ырдаган,Клара Алибековага рахмат!
+8
nur-patriot
2015-11-08 07:01:03
концерт аябай сонун болгон окшойт. сүрөттөр жакты. көргөнгө ыңгайлуу жайгашыптыр. Нурматвдун ырлары тойлордо көп ырдалат. ден соолук сизге!
+3
madina.87
2015-11-08 08:59:52
Айгеримдин атасы дешет а?Чыгармачылык ийгилик каалайм!
+7
Aika96
2015-11-08 13:27:51
madina.87, кайсыл Айгерим?? Расул кызын айтып жатасынбы же башка Айгеримби?
+1
aidai88
2015-11-08 14:33:41
madina.87, Оа,менда бир укканым бар "Айгерим Расулдун эмес башка ырчынын кызы экен"-деп, ким экенин эсимде жок эле.
Бирок Айгерим Расулга анан инисине аябай эле окшошго анча эле ишене бербеймин Расулдун кызы эместигине.
+3
mikasa2
2015-11-08 11:31:07
"Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу
өкүлчүлүгүн жетекчилиги". Туура элеби? Ыйгарым укуктуу окулу - губернатордун жетекчисиби. Же ыйгарым укуктуу окул озубу?
-2
nur-patriot
2015-11-08 11:54:02
mikasa2, жок туура эле. окулчулук - бул мекеме, орусча "представительство прав-ва в области" делет. ошол мекеменин жетекчилиги деп айтып жатат. туптуура
+2
mikasa2
2015-11-09 21:21:08
nur-patriot, рахмат
0
limuna
2015-11-08 13:10:44
Сахнага чыканда эч болбосо куртка шубаларын чечиб чыкса болмок жаман корунот экен бул жактан
+2
kubik80
2015-11-08 17:07:56
Э конколор кимин кызы силердин кандай ишинер бар.мне кыласынар билбегенден кийин далилинер болбогондон кийин.
+2
aikarus8384
2015-11-08 22:32:25
Курта шубалаларын чечип койсо эч ким корбой калбайбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан