Режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” (“Небесное кочевье”) аттуу фильми Индияда 29-октябрдан 5-ноябрга чейин өткөн "Jio Mami Mumbai" кинофестивалында сыйлыкка ээ болду.
17-жолу өткөн кинофестивалда 25 мамлекеттен 15 тасма көрсөтүлдү. "Сүтак" тасмасы буга чейин бир катар эл аралык фестивалдарга катышып келген. Азыркы тапта Германия жана Беларусь өлкөлөрүндөгү фестивалдарга катышып жатат.