Бүгүн, 13-ноябрда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында көрүнүктүү драматург, акын, котормочу, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Мырзабек Тойбаевдин туулган күнүнө карата майрамдык кече өтөт. Концерттик программа менен өтүүчү иш-чарага маданий ишмерлер, саясатчылар катышат. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мырзабек Тойбаев 1935-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Чүй районуна караштуу айтылуу Алчалуунун Талды-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Анын "Жаңы келин", “Талаа гүлдөрү”, “Ак жол”, “Жоронун жоруктары”, “Алгачкы таймаш”, “Карт бойдок”, “Унутчаак жеңе” жана башка чыгармалары кыргыз театрларында гана эмес, Казакстанда, Өзбекстанда, Түркмөнстанда, Тажикстанда, Каракалпакстанда, Орусия Федерациясында, Украинада, Саха-Якутияда, Монголияда жана башка мамлекеттерде коюлуп, аброю алыска тараган калемгер аталды.