Бишкекте "Тамашоунун" жарым чейрек финалы өтүүдө

14-ноябрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын 8-сезонунун жарым чейрек финалы өтүп жатат. Аны долбоордун негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев алып барууда.
Бүгүн “Позитифф”, “Ассорти”, “Универсал”, “НКБ”, “National”, “Ошингтон”, “Кыргыз двор”, “Рота”, "Порыв ветра", “Brooklyn”, "Ала-Тоо" командалары өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Алардын өнөрүн эстрада ырчысы Урмат Усенов, “Супер-Инфо” гезитинин башкы редактору Эльвира Караева, юрист Жоомарт Жолдошев, "тамашоучу" Кубаныч Курманбеков, ырчы Айбек Замиров, ырчы Аяна Касымова, спортчу Улан Эралиев электен өткөрүшүүдө.

"Биатлон" сынагындагы тамашалар:

"Кыргыз двор": – Сүйүнчү! Казакстанда жаңы теледолбоор ачылып, ал "Уурдайлы кыргыз ырларын" деп аталмай болду.

"Порыв ветра": – Тиш доктур командировкага бара жатып аялына пломба коюп кетет экен.

"Ала-Тоо": – Жалаң макалдар менен жашаган киши уулун сүнөткө отургузарда жети өлчөп бир кесиптир.

"Универсал": – Ошто көп кабаттуу үйлөр курулуп жатканын көргөн баткендиктер аларды туурап үй курушуптур, бирок жашаганга адам жок болуп калыптыр.

“National”: – Биринчи күнү телефонун сууга түшүрүп алган бала эртеси башын сууга салып сүйлөшүп баштаптыр.

­­­­­­­

"Позитифф": – Вулканизацияда иштеген байке үйдө да, жумушта да жел чыгарат.

"Рота": – Европадагы эшектер кыргыз жерин Сириядай көрүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Ruslan_d
2015-11-14 20:20:41
Калыс деп эле ар кимди койгон болбойтда маданыят чойросундо кичине тажырыйбасы кобурок инсандарыбызды койсо жакшы болмок Эрмек байке!
+9
AK-47.
2015-11-14 20:40:36
Кичине эле аты чыгып калса болду экенда . Андан башка калыс болчу атактуу ырчылар толтураго. Султан. Мирбек иманбеков. Талант анарбаев. Тынар,. Жамбыл . Абдылда дегендерди койсо болбойбу. Кайдагы омар арсен анжелика аяна айыма урмат неля селя деген эптеп эле ырчы болгон адамдарды койо бербей
+14
88inara88
2015-11-14 20:49:53
Аяна калыстык кылып атыптыр дейби.бул биринчи ырдап алсынчы?
+11
Aibek..
2015-11-14 21:00:34
Кийинкиинде мен да чыгат окшойм
+7
zhykyo
2015-11-14 21:11:22
Ошентип ошентип Акбара болот
+5
Izdeim_seni.
2015-11-14 21:47:26
Магада урмат,неля,омар,мирбек,назира жетигенова,анжелика,жанагы озун стилистмин деп жургон айымдын аты ким эле,ошолор такыр жакбаит.
+2
NuRba.97
2015-11-14 21:53:07
Кара кылды как жарган Калыгулдай калыстар жок азыркы мезгилде.
+5
AiBoru
2015-11-14 22:20:25
Аяна деген ким озу?
+5
Birbaw97
2015-11-15 10:21:50
AiBoru, даагы бир будущий ХХХ
0
admin_portal
2015-11-16 15:47:20
Birbaw97 - эскертүү!
Кимдир бирөөлөрдүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
isko-nookat
2015-11-14 22:43:33
аяна болобу башкасы болобу мейличи эми.улуулар бирин бири жетелеп акырындап которулсун.жаштарды колдойлу.мурунку тамашоудо ойногон жигиттер баары оз ордун таап которулуп келе жатат..жаш кыздын шагын сындырбайлы..отуруп алып сындап койуш оной нерсе..аяна кочодон шашып келип столго отуруп алган жокта.
-6
Azim.00kg
2015-11-14 23:50:44
isko-nookat, кочодон шашып келип эле отургандай болуп атпайбы кайсы ыры менен. Мектеп окуучусу калыстар тобунда тангалыштуу.
+5
isko-nookat
2015-11-15 00:18:02
Azim.00kg, кыйын кыз екен отуруптур.экобузго окшоп мектепти ептеп септеп окубайт.мыкты окушат.биз бул жакта логин менен парольду туура жазып киргенге суйунуп отурабыз.
-8
Azim.00kg
2015-11-15 00:33:06
isko-nookat, э кой сен эптеп септеп окусан. Мен кудайга шугур эле окуйм.
+5
Abdyrashit.Satylganov
2015-11-15 14:21:53
Azim.00kg, ха ха туура айтасың
+2
Umnitsa
2015-11-15 00:25:54
Силерда Аянадай болуп алгылачы башта
-6
Maks_shop
2015-11-15 01:21:48
Универсал алгааа
0
aqua.94mema
2015-11-15 01:23:12
Аянаны эмнеге койдунуз Эрмек байке ?
+6
akubeku
2015-11-15 08:03:01
эээ достор коментарийде ар бири озунун оюн айтат. айрымдары айткандай олкобуздо эмгек синирген аристерибиз андан коп. куудул топторубуз бундан коп .мис; рахман.абдылда борончу деген элге синимду куудулдарыбыз бар ошолду алып келсе байдоботов деген артистер бар воот ошолордон кошуп койсо мисал жанакы юрист дегенге не бар барып законун ондой берсин урмат усенов норм калыс ал бала всероздный суйлойт бир жолу айтканы эсинердеби 2созду эптей албаган да сахнада чыгып алышат деп бул жакта туруп мен уял
+6
Birbaw97
2015-11-15 10:19:21
Ушул тамашого барбай эле койгулачы туугандар эмнеси кулкунучту карапайым калкты алдабагылачы
+3
aidartegin
2015-11-16 09:31:07
Туугандар , бул жер шоу БИЗНЕС.... Кандай болот калыс .Бул маанилуу эмес болуш керек..КЕП башка $$$$$
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан